Вице-премьерлик кызматты кимдер талашып жатат? (видео)

150

Биринчи вице-премьер министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев жүрөгү ооруп бейтапканага түштү. Аткаминер кылмыш ишине байланыштуу бир апта мурда кызматтан кетүү боюнча арызын жазган болчу. Ал министрликти тапшырып берген күндө дагы парламенттеги ишмердүүлүгүн уланта берет. Ал арада биринчи вице-премьерликке ким келет деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызыта баштады. Бул кызматтык орун көпчүлүктүн коалициясындагы квота боюнча Бир-Бол фракциясына тийген. Айрым эл өкүлдөрүнүн айтымында, биринчи виценин креслосу көпкө чейин бош туруп калышы ыктымал.

comments powered by HyperComments