ВИЧ илдети жуккан балдардын көйгөйлөрү (видео)

546

2006-жылы Ош областынын Ноокат райондук оруканасында айрым дарыгерлердин шалаалыкылыгынан улам ВИЧ илдети жуккан балдардын улуулары азыр 18ге чыгып калды. Муну менен аларга мамлекеттен төлөнүп келген 4 000 сомдук жөлөк акча берилбей калды. Буга нааразы болгон бейтаптардын ата-энелери, өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылышты. Алар бул илдет менен жашаган балдарга өмүр бою пособие төлөөнү суранышууда.

Ошондой эле, ВИЧ илдети менен жашап жүргөн балдарды аскердик кызматка чакырууга алардын ата-энелер каршы болушууда. Себеби бул оору ден-соолукка терс таасир бергендиктен, балдардын саламаттыгы өтө начар. Алар катаал аскер шарттарына чыдабайт.