ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар былтыркы жылга салыштырмалуу 15%га көбөйдү

890

Кыргызстанда быйыл 9 ай ичинде ВИЧ илдетин жуктуруп алгандар былтыркы жылга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Кооптуу илдет Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын областтарында көп катталганы да белгиленген. Мындай илдет менен өлкөдө 7 миңден ашуун адам катталса, 1657 киши каза тапкан.

Ошондой эле, быйыл арбын катталып жаткан жугуштуу оорулардын ичинде бруцеллез илдети да бар. Бул ооруну жуктургандар өткөн жылга караганда 14 пайызга көптүк кылат. Бруцеллез көп катталган аймактардын башында Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сарык менен ооругандар Ош шаарында көп катталып, жалпы көрсөткүчтүн 14 пайызын түзгөн.