Вич оорулуу балдардын энелеринин арманы (видео)

603

Балдары ВИЧ илдетине кабылган энелер өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурушту. Жалпысынан 20 аял Ноокат районунан жана Ош шаарынан Бишкекке келген. Алар өздөрү менен кошо 2006-2007 жылдары ооруканаларда ВИЧ оорусу жуккан балдарын да ээрчите келишкен. Энелер аларга тиешелүү көңүл бурулбай жатканын айтып наарызы.

Келгендерден 4 аялды вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова кабыл алды. Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган атайын топ энелер менен жолугушту. Балдары айыккыс ооруга кабылган аялдар өкмөткө бир нече талаптарды коюшту.