Виктор Полубабкиндин элесине арналган мелдеш (видео)

3006

Эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Полубабкиндин элесине арналган жеңил атлетика боюнча мелдеш болуп өттү. Ага 100дөй жаш спортчу катышып, күч сынашты. Бишкек шаарындагы Дене тарбия жана спорт академиясынын залында өткөрүлгөн турнирде алдыга суурулуп чыккандар медаль, диплом менен сыйланды.

Эскерте кетсек, Виктор Полубабкин 2016-жылы 89 жашында каза болгон. Ал 58 жыл Дене тарбия жана спорт академиясында эмгектенип, 17 жыл аталган окуу жайды башкарган.