Виктор Янукович мамлекеттик чыккынчылык үчүн 13 жылга соттолду

979

Киевдин Оболон райондук соту Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти 13 жылга эркинен ажыратты. Ал мамлекеттик чыккынчылык жана Орусиянын Украинадагы баскынчылык согушуна жардам берүү айыптары боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сот Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу айыбы боюнча Януковичти актады.

Януковичтин өзү отурумга катышкан жок. Адвокаттын айтымында, мурдагы президент операция жасатып, учурда саламаттыгын калыбына келтирүү менен алек.

Украинанын Башкы прокуратурасы Януковичти мамлекеттик чыккынчылык үчүн күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Нааразылык акциялардан кийин бийликтен кеткен Украинанын мурдагы президенти 2014-жылдын февралынан бери Орусияда жашайт.

Янукович өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.