«VIP» коттедждер текейден арзан сатылып кеткенби? (видео)

800

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына жакын жайгашкан ВИП-коттедждер шаарчасы текейден арзан баага сатылып кеткенби? Бул боюнча ачылган кылмыш ишти тергөө милдети УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына же экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мекемесине өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Анда негизинен аталган объекттердин сатылышынын мыйзамдуулугу жана анда негизги нарк атайын төмөндөтүлгөн эмеспи деген суроону аныктоо маселеси турат. Эске салсак, быйыл сентябрь айында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы 12,5 гектарда жайгашкан 48 ВИП-коттедж аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылган. Андан соң бул иште жогорку даражалуу аткаминерлердин катышы бар деген маалыматтар тарап кеткен.