Вирус жуктурган 6 адам реанимацияда жатат (видео)

1167

Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди. Ал эми буга чейин жаңы типтеги вирус табылган 44 адам дарылануудан өтүүдө. Алардын 10унун абалы оорлошуп, алтоо реанимацияга түштү.

Калган 4 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда. Ошондой эле, эпидемиологиялык абал туруксуз өлкөдөн келип, коронавируска шектелип жаткырылгандардын арасынан 34 адамдын анализи таза чыгып жана абалы канааттандырарлык болгону үчүн ооруканадан чыгарылган.