Виза ачып берем деп элди 96 миң долларга алдаган шектүүлөр кармалды

862

Кыргызстандыктарга АКШ менен Норвегияга виза жасаттырып берем деп 96 миң доллар алып изин жашырып кеткен 2 шектүү аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 23-октябрда милицияга 11 киши кайрылып, эки аял 2018-жылдын сентябрынан бери виза жасаттырып берем деп миңдеген доллар алып, таптырбай жатканын айтышкан.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси боюнча иш козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Изилдөө иштеринин алкагында тартип сакчылары шектүү катары 46 жана 59 жаштагы аялдарды кармаган. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ошондой эле, милиция эгер шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо 0550-102-168, 0555-888-864 телефондору же 102 номери аркылуу кайрылса болорун билдиришти.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.