Визасыз режим туризмди өнүктүрөбү? (видео)

638

Кыргызстанда виза даярдоо, берүү тармагында “мафиялык топтор” жана ортомчулар пайда болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Депутат Алтынбек Жунус уулу өзгөчө Кытайга виза ала албай жаткан ишкерлер менен студенттердин кыйын абалынан пайдалангандар бар экенин билдирди. Ошондой эле, өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз режимди дагы 10 жылга узартуу сунушталды.

Эске салсак, 6 жыл мурда Кыргызстан дүйнөнүн 45 өлкөсүнүн атуулдарына визасыз кирүүгө уруксат берген. Демилгечилердин айтымында, бул мөөнөттү узартуу туризм тармагын өнүктүрүп, инвестициялык климатты жакшыртат. Ошол эле убакта бул мүмкүнчүлүктү террористтер да колдонуп кетиши мүмкүн деп чоочулагандар дагы бар.