Владимир Путин Кыргызстандын карызын кечүү боюнча документке кол койду

783

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын карызын кечүү боюнча документке кол койду. Муну менен Кыргызстандын Россияга болгон 240 миллион доллар бересеси жоюлду. Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашуу протоколун буга чейин Мамлекеттик Дума ратификациялаган болчу.

Эске салсак, 2012-жылы эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын Россияга болгон 489 миллион карызын кечүү боюнча макулдашкан. Бул сумма этап-этабы менен 10 жылда жоюлмак. Бирок былтыр эки өлкөнүн мамлекет башчылары макулдашып, калган карызды кечүү чечими кабыл алынган.

Муну менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,5 пайызга азайып отурат. Учурда өлкөнүн жалпы бересеси 4 миллиард 530 миллион долларды түзөт. Карыздар өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 57 пайызын түзөт.