Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

695

Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге билдирди. Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келе турганы айтылды.

Учурда визиттин так датасы аныктала элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сапардын алкагында эки тараптуу он документке кол коюлат.

Владимир Путин буга чейин Кыргызстанга расмий сапар менен 2017-жылы 28-февралда келген.