Владимир Путинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды

643

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары башталды. Анын учагы бүгүн эртең менен саат 7:30да «Манас» аэропортуна конуп, даражалуу конокту мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ушул мүнөттөрдө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында расмий жолугушуу башталганы турат. Президенттер алгач тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң эки мамлекеттин делегацияларынын мүчөлөрү кеңири форматта жолугушат.

Андан сырткары, Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» деп аталган Кыргызстан-Россия аймактар аралык 8-конференциясына катышып жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Владимир Путин Кыргызстанда бир күн болот. Мамлекеттик иш сапардын алкагында эки өлкө лидерлери журналисттер үчүн жыйын курат. Бул визиттин жыйынтыгы менен 30га чукул документке кол коюу күтүлүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.