Военно-Антоновкада ага-ини балдар дааратканага түшүп кетип каза болушту

783

Чүй областынын Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 7 жана 13 жаштагы ага-ини дааратканага түшүп кетип каза болушту. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө караганда, окуя ишемби күнү кечинде болгон жана балдар кырсыкка ойноп жүрүп кабылышкан.

Маалыматка ылайык, балдардын кичүүсү кошунасынын 8 метрлик тереңдиктеги дааратканасына түшүп кеткен. Улуусу аны куткарып алууга аракет жасап жатып, ал да түшүп кеткен. Бул убакта тегеректе чоң кишилер жок болгондуктан, жеткинчектерге убагында жардам берилбей калган.

Балдардын сөөктөрүн куткаруучулар келип чыгарышкан. Кырсык катталган айылдын тургундарынын айтымында, даараткана терең болгону аз келгенсип, анын тегерек чети бекемделип тосулган эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.