Волкер: Орусия Украина боюнча АКШнын сунуштарына ачыктыгын көрсөттү

640

Орусия Украинанын чыгышына БУУнун тынчтык орнотуучуларын киргизүү боюнча АКШнын сунушуна ачыктыгын көрсөттү. Бирок Вашингтон менен Москванын макулдашуусуна дагы көп бар. Бул тууралуу АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Курт Волкер билдирди.

Ал буга чейин орусиялык кесиптеши Владислав Сурков менен Дубайда жолугуп, андан соң Киевде Украина президенти Петр Порошенко жана башка өкмөттүк аткаминерлер, саясий лидерлер менен сүйлөшүп келген.

Дубайдагы жолугушууда Волкер АКШ жаңжал болуп жаткан бардык аймакта, анын ичинде украин-орусия чек арасында кеңирип мандатка ээ болгон тынчтык орнотуучуларды киргизүүгө үмүттөнүп жатканын билдирген. Анын пикиринде, ошондо гана «Минск келишимдерин аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө» мүмкүн болот.

ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча, Сурков Украинага БУУнун тынчтык орнотуу миссиясын киргизүү боюнча АКШнын сунушу «аткарылчудай» экенин жана Москва аларды кылдаттык менен карап чыгарын айткан.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен өлкөнүн Донецк жана Луганск облустарынын бир бөлүгүн ээлеп турган орусиячыл жикчилдердин ортосундагы согуштук аракеттер 2014-жылдын апрелинен бери уланып келет. Минск келишиминин алкагында жарыяланган бир канча жолку ок атууну токтотуу режими боюнча макулдашуулар кагылышууларды убактылуу токтотту.