Якутияда коркутуу-үркүтүүлөргө кабылган кыргызстандыктар (видео)

614

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Якутск шаарындагы кыргызстандык катышкан жагымсыз окуя боюнча билдирүү таратып, анда мигранттарга өздөрү жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоо зарылдыгын эскертти. Ошондой эле, Саха Республикасына Кыргызстандын расмий делегациясы барып, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, кырдаалды биргелешип оңдоо жаатында сүйлөшүштү.

Ал арада Якутияда иштеп жүргөн бир топ кыргызстандыктар коопсуздук маселелеринен улам жумушка чыгышкан жок. Буга аялдын алгач уурдалып, андан соң анын зордукка кабылышы боюнча кылмыш ишинде шектүү катары 23 жаштагы кыргызстандыктын кармалганы негиз болду. Бул окуя жергиликтүү калктын кыжырын келтирип, наарызылыктар токтобой жатат.