Якутияда мигранттарды коркутуп жүргөн топ кармалды

1256

Якутияда мигранттарды коркутуп-үркүтүп жүргөн топ кармалды. 19-мартта Якутск шаарынын полиция башчысы Николай Кульбертинов атайын видео кайрылуу жасады. Анда мигранттарга карата бейбаштык кылган топтун бири кармалганын билдирип, жергиликтүү жашоочуларды сабырдуулукка чакырып өттү.

Кульбертинов «зордуктоо» фактысы боюнча окуя дээрлик териштирилип бүткөнүн жана мындай иштерди күч органдары гана иликтеши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин WhatsApp жана башка мессенджерлер аркылуу жергиликтүүлөрдүн Борбор азиялык мигранттарды опузалаган видеолору тарап жатат. Мындан улам бир топ мигранттар жумушка чыкпай жатышканы белгиленүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.