Якутиядагы кыргызстандыктардын абалы көзөмөлдөнүүдө

760

Россиянын Саха Республикасындагы кыргызстандыктардын абалы дайыма көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын миграция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы Якутияда өткөн митингдерден кийин абалды жөнгө салуу максатында Кыргызстандан делегация барган. Алар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, диний лидерлер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы менен жолуккан. Ушул айдын башында Миграция кызматынын өкүлдөрү Якутиянын жетекчилиги менен жолугуп, Кыргызстандан барган жарандардын миграциялык каттоого туруудагы кыйынчылыктарын, аны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселе көтөргөн. Аймактын Ички иштер министри кыска убакыт ичинде муну карап чыгышарын билдирген.

Эске салсак, жыл башында Якутиянын башчысы Айсен Николаев мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койгон. Ага ылайык, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга жалпысынан 33 тармакта иштөөгө тыюу салынган.

Мисалы, алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу автоунаа айдай албайт. Миграция саясатынын катаалдашына быйыл 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу маалыматка байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.