Якутиядагы миграциялык чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешеси жок (видео)

729

Якутияда мигранттардын эмгегинен баш тартуу кыргызстандыктарга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти. 27-март күнү Саха республикасынын башчысы Айсен Николаев чет элдик жарандарды жумушка алууда чектөө киргизди.

Документке ылайык, сырттан келген жумушчуларды билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкка кызмат көрсөтүү, соода тармагында жумушка алууга тыюу салынды. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан биздин жарандарга тоскоолдук жаралбайт. Анткени биздин мигранттар патент албастан түз иштей алат.