Якутиядагы мигранттарга болгон чектөөлөр ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнө тиешеси жок

827

Якутияда мигранттардын иштешине карата киргизилип жаткан чектөөлөр кыргызстандыктарга тиешеси жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты. Саха республикасынын башчысы Айсен Николаевдин быйылкы жылдан тарта мигранттардын иштөөсүнө тыюу салган тармактардын тизмесин кеңейткен буйругу чыккан.

Ага ылайык, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт.

Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында коомдук транспорт, такси жана жүк ташуучу унааны айдай алышпайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды. Бирок элчиликтен билдиришкендей, Кыргызстан — Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болгондуктан, биздин мекендештерге карата жаңы киргизилген тартип иштебейт.

Документте патент менен иштеген чет өлкөлүктөр тууралуу айтылып жатканы кабарланды. Ал эми кыргызстандыктар 4 жылдан бери патент менен иштөөдөн бошотулган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.