Якутскта учактан 3,4 тонна алтын жана платина чачылып кетти

997

Якутияда бейшемби күнү эртең менен Якутск аэропортунун учуп-конуу тилкесинде 3,4 тонна алтын, платина куймалары жана бриллианттар чачылып калган.

Якутия ИИМинин Түндүк-Чыгыш башкармалыгы бул окуяны тастыктады. Расмий маалыматтар боюнча «Нимбус» авиакомпаниясына таандык жүк ташуучу Ан-12 учагынын сол капталындагы эшиги учар алдында жулунуп кеткен.

«Алдын ала маалыматтар боюнча 3,4 тонна салмактагы 172 алтын куймасы табылган. Жүк туура эмес жайгаштырылгандыктан аэропорттун учуп-конуу тилкесине чачылган. Алтындын бир бөлүгү түшүп калган, баардыгы 9 тонна болгон», — деп билдирет ИИМ башкармалыгы.

Башка маалыматтар боюнча учакта күмүш болгон: «Мендеги маалыматтар боюнча бортто күмүш куймалары жүктөлгөн. Баардыгы болуп 200 баалуу металл куймасы болгон. Жүктүн бир бөлүгү учуп-конуу тилкесине чачылып калган», –деди Интерфакстын Орусия Тергөө комитетиндеги өз булагы.

Учактын бортундагы экипаждын беш мүчөсү жабыркаган эмес.Кабиналар герметизациясын жоготкондон кийин алар аэропортко кайтып келүүнү чечишкен. Аба кемеси Якутсктан 12 чакырым аралыкта жайгашкан Маган кыштагындагы абамайданына конгон.

Күбөлөр күч кызматкерлери Якутск аэропортун курчап, ичкери эч кимди киргизбей жатканын билдиришти.

Sakhaday маалымдагандай, учак «Купол» кени менен Красноярск каттамы боюнча учкан, Якутск аэропортуна май куюп алуу үчүн токтогон. Орусиянын Борбордук банкы белгилеген баага ылайык, бир грамм алтындын наркы — 2 425,42 рубль. Борттогу алтын 21,8 млрд рубль турат.