Яндекс Таксини жаңыртылган тиркемеси (видео)

822

Жолдордогу тыгындардын кесепетинен ашыкча акча төлөп кереги жок, дешет Кыргызстандагы «Яндекс Такси» кызматынын өкүлдөрү. Жол кире акысы өтө жогору экенин айтып даттанган жүргүнчүлөрдөн арызданууларынан кийин, аталган сервисти иштеп чыккандар мобилдик телефон үчүн тиркемеге жаңы функцияны кошушту. Эми «Яндекс Таксини» чакыраардын алдында тигил же бул жерге жетүүнүн баасы канча болоорун билип алса болот. Жаңыртылган тиркеме маршрутту жана жолдо мүмкүн болчу тыгындарды эске алуу менен төлөнүүчү акчаны автоматтык түрдө эсептеп коет.