Январь айынын ичинде Бишкекте 19 үй-жайсыз адам набыт болду

731

Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала чыгарган маалыматына караганда, үй-жайсыз 15 эркек жана 4 аял суукка тоңуп калышкан.

Ошондой эле, баш калаа милициясынын мобилдик батальону Бишкек боюнча күнү-түнү нөөмөттө болуп, анда баш калкалар жайы жок калган селсаяктарды атайын муниципалдык атайын жайларга жеткирип жатышат.

Белгилей кетсек, Бишкектеги «Коломто» социалдык мекемеси 24 саат бою үй-жайсыздарды кабыл алууга даяр. Ал жерге түшкөндөргө ысык тамак-аш, кийим-кече берилет.