Январь айынын пенсиясын төлөөгө акча жок (видео)

1667

Капчыкта акча жок, бирок пенсия берүүгө каражат табылат. Социалдык фонд кары-картаңдарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырууда. Буга чейин парламенттин жалпы жыйынында фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экени айткан.

Себеби учурда мекеменин бюджетинде 1 миллиард 333 миллион сом тартыштык бар. Бул маалымат көпчүлүктү чоочутуп, өзгөчө жалгыз ушул киреше булагынын көзүн карап отурган кары-картаңдарды санаага салып койду. Ал арада Соцфонд кийинки айларда мындай коркунуч жаралбашы үчүн кандай кадамдарга баруу керектигин пландоодо.