Япония Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү программасын жандандырат

882

Япония Борбор Азия өлкөлөрүнө жардам көрсөтүү программасын жандандырууну пландап жатат. Андыктан Кыргызстандын билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Токио университетинин профессору Син Кавасима Бишкекте болочоктогу дипломат жана эл аралык тармактагы эксперттер менен жолугушууда айтты.

Кыргызстан-Япония кызматташтыгына токтолгон Син Кавасима, Күн Чыгыш өлкөсүн Борбор Азия чөлкөмү кызыктырып келээрин белгиледи. Кыргызстан эгемендуулук алгандан бери Япония тараптан дайыма колдоо көрсөтүлүп, көптөгөн программалар каржыланган.

Профессор Кавасиманын айтымында, Күн Чыгыш өлкөсү ошол ишмердүүлүктү кайрадан жандантууну көздөп жатат. Бирок өндүрүштүк долбоорлорго эмес, билим берүү тармагына басым жасалышы мүмкүн.