Япониянын премьер-министри Путинди тынчтык келишимин түзүүгө чакырды

941

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Орусия президенти Владимир Путинди бардык кыйынчылыктарды жеңип, эки өлкө ортосунда тынчтык келишимди түзүүгө чакырды.

Чыгыш экономикалык форумдун сессиясында сөз сүйлөгөн Абэ Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен эки өлкө алигиче тынчтык келишим түзө албай келе жатканын начар көрүнүш караты сыпаттады. Абэ бир жыл ичинде Орусия менен Жапония 70 жыл орундалбай келген иштерди жасаганын белгиледи. Жапон өкмөт башчысы өз ара иштешүүгө жана ийгиликтерди бөлүшүүгө чакырды.

Орусия менен Жапония Курилдеги төрт аралды талашып келишет. Жер чырынан улам Орусия менен Жапония Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганын белгилеген тынчтык келишимине кол коюшкан эмес.