Ылай чапталган номер үчүн канча штраф салынат? (видео)

978

Милиция машинасынын номурларын ылайлап, нанопленка чаптап алган айдоочуларды издеп жатат. «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштагандан тарта унаа ээлери айып пул төлөбөй коюнун түрлүү амалын табууда. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мамлекеттик номурларын жашыргандар 1000 сом айып төлөөрүн эскертет.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени жолдо тартип орной баштады деген менен айдоочулар тараптан нааразычылыктар да бар. Анткени кээ бир көчөлөрдө жол эрежесин сактоого шарттар жок. 3 күндүн ичинде эле Бишкектин жолдорундагы мүчүлүштүктөр ачыкка чыгып калды.