Ылай менен сүрөт тарткан Төлгөбек (видео)

1254

Сүрөт тартуудагы өзгөчө жаңы ыкма. Сүрөтчү Төлгөбек Койчумановдун белгилүү актер Сүймөкул Чокморов менен кинорежиссер Төлөмүш Океевдин ылай менен тартылган сүрөттөрү интернет-аукционго коюлду. Өнөр ээсинин айтымында, сүрөттөр сатылып калса, түшкөн каражат балдар үйүнө кайрымдуулук ирээтинде берилет. Сүрөтчү эмгектерин 17-ноябрь кыргыз киносунун күнүнө арнап, өзгөчө ыкмада тарткан. Ылай менен тартылган сүрөттөр өз сапатын жоготпошу үчүн атайын иштелип чыккан аралашма колдонулган.