Ыманалы Саркуловдун демилгеси сынга кабылды (видео)

925

Жарандык активисттер Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына каршы жарандардан кол топтоп жатышат. Алар бул арыздарды Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарына жолдошот. Мындай кадамга жарандык активисттерди Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловдун билдирүүсү түрткөн. Эске салсак, Ыманалы Саркулов МАИ кызматкерлерин видеого тартып алып, интернетке уруксатсыз жарыялагандарды сотко беришээрин маалымат жыйынында айткан эле. Жарандык активисттердин пикиринде, бул өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет. Андыктан алар Саркуловдун кызматтан алынышын жана ага карата чара көрүлүшүн талап кылышууда.