Ымыркай сатуу менен алектенген дарыгерлердин кылмыш иши ачыктала баштады

1367

Бир ымыркайдын сөөгүн өзөндөгү сууга таштап, экинчи наристенин бети-колун күйгүзүп, кош бойлуу келиндерге дары сайып, эрте төрөтүп, баласын уурдоо фактылары. Ымыркай сатуу менен алектенген дарыгерлердин бандасынын кылмыш иштеринин чоо-жайы ачыктала баштады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул чуулгандуу ишти кароого киришти.

Жараян учурунда, мамлекеттик айыптоочулар үрөй учурган фактыларды угузушту. 7 дарыгерден турган топ 7 баланы сатып, бир мыйзамсыз аборт жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмыш иштеринин баары жеке клиникада жасалганы аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.