Ымыркай сатууга айыпталган дарыгерлер соттолууда (видео)

671

Бир ымыркайдын сөөгүн өзөндөгү сууга таштап, экинчи наристенин бети-колун күйгүзүп, кош бойлуу келиндерге дары сайып эрте төрөтүп, баласын уурдоо фактылары. Ымыркай сатуу менен алектенген дарыгерлердин бандасынын кылмыш иштеринин чоо-жайы ачыктала баштады. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул чуулгандуу ишти кароого киришти.

Жараян учурунда мамлекеттик айыптоочулар үрөй учурган фактыларды угузушту. 7 дарыгерден турган топ 7 баланы сатып, бир мыйзамсыз аборт жасаган деп күнөөлөнүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш иштеринин баары жеке клиникада жасалганы аныкталган.