Ымыркайды баштыкка салып өлтүргөн келин качан камалат? (видео)

822

Жаны төрөлгөн ымыркайдын өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан жаш келин ооруканадан чыгары менен камакка алынат. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Учурда кылмышка шектуу аял Чүй областтык төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ак халатчандардын айтымында, төрөт убагында көп кан жоготкон аял  дагы бир жума дарыланышы зарыл. Эске салсак, 18-февралда көз жарган жаш келин ымыркай ажатканада төрөлүп, ошол жерге түшүп кеткенин айткан. Бирок милиция кызматкерлери текшере келгенде, наристе дааратканадан эмес, керебеттин алдынан баштыкка салынган бойдон табылган. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголду.