Ымыркайды квартирада сатып жатканда кимдер кармалды? (видео)

631

Ымыркай сатууга шектелип кармалган медицина кызматкерлери боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жумушчу топ түзүлдү. Комиссия №4-төрөт үйү менен Улуттук госпиталды текшерет. Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракеттенген 3 аял кармалган. Анын бири наристенин энеси, калган экөө медайымдар. Алар баланы 190 миң сомго баалашкан.

Белгилей кетсек, учурда 5-6 жылдан бери бала сатуу менен алектенип келген 7 дарыгердин үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул банда былтыр сентябрда кармалган. Алар 8 ымыркайды энесинен ажыратканы аныкталган. Бирөө сатканга чейин чарчап калып, аны сууга ыргытып жиберишкен. Дагы бир наристени кароосуз калтырып коюшкандыктан, анын бети колу жылыткычка күйүп калган. Коомчулук акушерлердин мындай жоруктарын угуп эс учун жыя электе, бала сатууну бизнеске айланткан дагы бир топ кармалды.