Ымыркайдын өлүмүнө ак халатчандар күнөөлүүбү? (видео)

580

Бишкек шаарындагы №4 төрөт үйүндө өлүү төрөлгөн ымыркайдын ата-энеси буга ак халатчандарды күнөөлөшүүдө. Айтымдарында, медиктер кош бойлуу келинге убагында жардам бергенде мындай жагдай жаралмак эмес.

Эне болууга даярданып жаткан 20 жаштагы шаар тургуну алгачкы текшерүүдөн өткөндө түйүлдүк жакшы абалда болчу дейт. Учурда бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, төрөт үйүндө кызматтык иликтөө жүрүп жатат.