Ымыркайлардын сөөгү дарыгердин машинасында табылды (видео)

740

Бишкекте өлүк ымыркайларды унаасына салып жүргөн дарыгерлер кармалды. Колго түшкөн медиктер жаңы балалуу болгон ата-энеге алардын баласы чарчап калды деп алдап, жасалма документ менен төрөлгөн наристени башка бирөөлөргө сатууга аракет жасашкан. Бул боюнча 5 акушер-гинеколог шектелип, кылмыш иши козголду.

Азырынча тартип сакчылары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кеңири маалымат берүүдөн карманышууда. Андыктан кылмышка шектүүлөр ымыркайларды кимге жана канчага сатууга аракет жасаганы ачыкка чыга элек. Ошентсе дагы, бул ишке катыштыгы бар акушер-гинекологдордун аты-жөнү айтыла баштады.