Ымыркайларга сүйүнчү берүү коррупцияга айландыбы? (видео)

879

Парламент мамлекет тарабынан сүйүнчү берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү токтотууну талап кылды. «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда жөлөк пул боюнча маселе каралды. Депутат Руслан Казакбаевдин айтымында, жаңы төрөлгөн наристе үчүн 4 миң сомдук сүйүнчү алуу өзүнчө эле чоң көйгөйгө айланып калды. Ата-энелер арасында сурамжылоо жүргүзүлгөндө, айрым кызматкерлер ишти тезирээк бүтүрүп берүү үчүн 500 сомго чейин акча талап кылып жатканын айтышкан. Ал эми балдарга жөлөк пул берүү тууралуу мыйзам-долбоору дагы деле даяр эмес экен. Өкмөт 1-апрелге чейин документтеги мүчүлүштүктөрдү жоюуга убакыт алган. Бирок учурда жаңы мыйзам жазылып жатканы белгилүү болду. Андыктан балдардын баарына жөлөк пул төлөө кийинки айда ишке ашпайт көрүнөт.