Ынтымактуу үй-бүлө майрамы (видео)

1643

«Ынтымактуу үй-бүлө майрамы!» Дал ушундай аталышта ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине майрамдык кече уюштурулду. Анда балдар өздөрү даярдаган концерттик программасын тартуулап, өнөрлөрүн көргөзүштү.

Анда ар улуттун ыр-бийлери аткарылып, иш-чара кызыктуу оюндар менен коштолду. Мындан тышкары балдардын өз колу менен жасаган ар түркүн буюмдар көргөзмөгө коюлду.