YouTube: НТС-Музыка каналы күмүш баскычка ээ болду

702

НТС телеканалы YouTube каналынын 4-күмүш баскычына ээ болду. Бул ирет абройлуу сыйлыкка НТС-Музыка каналы татыды.

Туура бир жыл мурда ачылган «НТС-Музыка» каналынын жазылуучуларынын саны аз убакыттын аралыгында 100 000ден ашкан. Аталган каналдан биздин көрармандар ар кандай музыкалык долбоорлорду көрө алышат.

Буга чейин НТС каналы 3 күмүш баскычына ээ болгон. Булар жаңылыктар, автордук долбоорлор жана “ТВ-Кайгуул” программасы. Бүгүнкү күндө YouTube порталында НТСтин жалпысынан 4 каналы бар жана жазылуучулардын саны 750 000ге чукулдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.