Ыплас аракеттерди жасады, деп Бишкекте бир адам кармалды (видео)

565

Бишкекте короо шыпыруучу менен үй комитетинин башчысы педофилге шектүү адамды кармап, милицияга өткөрүп беришти. Ал 4 факты боюнча шектелүүдө. Аламүдүн-1 кичи районунда 37 жаштагы бир киши короодо ойногон, сабакка бараткан кыздарды аңдып жүргөнү байкалган. Ал 15-ноябрь күнү 3-класстын окуучусунун артынан түшүп, бактыга жараша кыз аны менен бирге лифтке түшкөн эмес.

Мунун баары видеокамерага түшүп калган. Жергиликтүү тургундар дароо милиция чакырып, алар келгенче үй башчысы менен короо шыпыруучу шектүүнү аңдып барып, тартип сакчыларына салып беришкен. Азыр ал адам убактылуу кармоочу жайда. Ага карата «ыплас аракеттерди жасоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.