Ыр-бий менен аяктаган митинг (видео)

6626

11 күндөн бери өкмөт үйүнүн алдынан кетпей, нааразычылык акциясына чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары үйлөрүнө тарашты. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келгендер Садыр Жапаров президент болмоюнча кетпейбиз деген талаптарды коюп келишкен. Алар көздөгөнүнө жетишти.

6-октябрдын таңында абактан чыгып, ошол түнү эле өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп, эки күн мурда үчүнчү жолку аракет менен премьер-министрликке бекитилген Садыр Жапаров президенттин милдетин аткара баштады. Ага мынчалык бийликти алып берген эски аянтка чогулган эл максатына жетсе дагы тарагылары келбей, түшкө чейин өкмөт үйүн айланчыктап жүрүштү.