Ырчы Айбек Карымовду 6 жолу тоноп кетишти (видео)

795

Үйү алты жолу тонолгон Айбек Карымов ички иштер министрине кайрылуу жолдоду. Ал катында үйдөгү жалпы баасы миллион сом болгон баалуу буюмдарды алып кеткен кылмышкерлерди кармоо өтүнүчүн келтирген. Айтымында, Сокулук районунун аймактык милиция кызматкерлери ишти жетиштүү тергебей жатышат. Айбек Карымов жашаган аймакта 20 уурулук фактысы катталган. Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы министр кайрылууну өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Кылмыштардын бетин ачуу максатында атайын топ ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.