Ырчы Гүлбү Ороскул кызы көз жумду

4772

Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, КТРКдагы «Кыз-жигиттин сармерден» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, “Достор” тобунун солисти Гүлбү Орозкул кызы көз жумду. Ырчыны үйүнө Бишкек шаардык “Тез жардам” дарыгерлери келип кетишкени айтылууда. Ал болгону 40 жашта эле. Артында эки кызы калды.

Гүлбү Орозкул кызы Жалал-Абад облусунун  Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жыл, 1-ноябрда туулган.

М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.

Эки кыздын энеси.

Жакында эле неберелүү болгон.

«Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башка ырлары менен белгилүү болгон.

НТСтин жалпы жамааты кесиптештерибиз Айзуура Иманалиева жана Мирзат Мукановдун кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтат.