Ырчы Мирбек Атабеков милицияга нааразы болуп президентке кайрылды

3825

Ырчы Мирбек Атабеков анын апасы өз үйүндө каракталганы боюнча кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу милицияга нааразылыгын айтып чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышкан.

Атабековдун айтымында, милициянын шалаакылыгынан улам кылмышка шектүү эркиндикке чыгып кеткен. Ырчы бийликке өзүнүн жеке иши үчүн эмес, мындай окуялар коомчулукта көп болуп жаткандыктан кайрылып жатканын айтууда. Мирбек Атабеков кылмышкерлер апасы менен карындашын курал менен коркутуп тоноп кетишкенин эске салып, алар жазасыз калбашы керек деп эсептейт.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 2-сентябрь күнү шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирген деп шек саналган жаран кармалганын билдирген. Анда милиция Каракол шаарынан 24 жаштагы жаран кармалып, анын автоунаасынын ичинен далил буюмдар табылганын кабарлаган.

Милициянын маалыматына караганда, 6-май күнү шаар тургуну карактоо болгону тууралуу арызданып кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө беткапчан, куралы бар кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кетишкени айтылат. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «Карактоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

2019-жылдын 14-октябрда Жыпаркүл Иманкалиева аттуу жаран уурулукка шектүү катары кармалган баласы Медет Бейшеков бир жарым айдан бери күнөөсүз камакта отурганын айтып, президентке кайрылган. Анын айтымында, баласы милиция кызматкерлеринин кысымына кабылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.