Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалды

819

Чүй областынын Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

3 күн мурда жергиликтүү жашоочу Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматкери ден-соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз болгон баласын «армияга чакырам» деп коркутуп, 25 миң сом талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Финполиция чогулткан материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.