Ысык-Көл форумуна келгендер жаратылышка суктанды (видео)

605

Эл аралык Айтматов борбору түзүлөт. Ал эми Ысык-Көл форуму ар бир 2-3 жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. Мындай чечимдер «Эл аралык Ысык-Көл форумунун» алкагында кабыл алынды. Иш-чарага 25 мамлекеттен 100дөн ашуун делегат келген. Алар дүйнөгө коркунуч жараткан көйгөйлөрдү диалог аркылуу жоюу керектигин дагы бир жолу баса белгилешти.

Эске салсак, Эл аралык Ысык-Көл форуму эң алгачкы ирет 1986-жылы Айтматовдун демилгеси менен өткөрүлгөн. Быйыл улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата бул иш-чара кайрадан жанданды. Айтматовдун шеринеси 5-октябрда Бишкекте башталып, Ысык-Көлдө ишин аяктады. Анда кабыл алынган чечимдер эл аралык абройлуу уюмдар аркылуу тийешелүү мамлекет башчыларга жолдонот.