“Ысык-Көл” мейманканасы таланып-тонолууда (видео)

2558

Улам чекесинен таланып-тонолуп, тамтыгы чыккан “Ысык-Көл” мейманканасы бир апта мурда тарыхый обьектердин катарынан чыгарылганы белгилүү болду. Тиешелүү чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алыптыр. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын кызматкерлеринин айтымында, эми инвесторлорду тартуу иштери жүрөт.

10 жылдан ашык иштебей турган обьект талкаланып, бузула баштаган. Акыркы 5 жылда аны оңдоп-түзөө үчүн инвесторлорду тартуу аракети бир канча жолу көрүлгөн. Бирок ал маданий мурастардын тизмесине киргендиктен, ага акча салууга эч ким макул болгон эмес. Эми имараттын тагдыры кандай болот?