Ысык-Көл областына 6 айда 44 миңге жакын турист келди

1540

Ушул жылдын алты айында Ысык-Көл областына 44 миңге жакын турист келген. Анын 37 миң Кыргызстандын жарандары болсо, 6,5 миң чет элдиктер. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлашты.

Чет мамлекеттен келгендердин 5052 КМШ өлкөлөрүнөн, калгандары башка мамлекеттерден. Ал эми ушул жылдын январь-июнь айларында Ысык-Көл областынын аймагындагы туризм тармагында кызмат көрсөткөн объектилерден 80 миллион сомго жакын салык түшкөн.

Туристтик мезгилде коомдук жана жол коопсуздугун сактоо боюнча жалпы 924 кызматкер иш алып барышууда. Эс алуучулар кѳп баруучу алыскы Көк-Жайык, Барскоон, Туз-Көл, Кырчын жана Каркыра аймактарында кошумча убактылуу милиция пункттары ачылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.