Ысык-Көл областында бир жума ичинде жол кырсыгынан 6 адам каза болду

810

Алардын арасында жаш балдар да бар. Дагы 12 киши кырсыктан түрдүү жаракаттарды алган. Ысык-Көл аймагында адам өлүмү менен коштолгон авариялардын көбөйгөнүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дубанга инспекторлордун тобун жөнөттү. Алар аталган аймакта жергиликтүү жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кырсыктарынын алдын-алуу аракетин көрүшөт.

Эске салсак, 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 5-апрелде Бактуу-Дөлөнөтү айылында катталып, жеңил унаалардын кагылышуусунан аялы-күйөөсү жана 2 баласы мерт кеткен. Ушул эле күнү Каракол-Жети-Өгүз трассасында болгон жол кырсыгынын кесепетинен 10 жаштагы секелек каза болуп, 5 адам ооруканага жеткирилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.