Ысык-Көл областында машина жардан кулап кетип, эки киши каза тапты

685

Окуя түндө саат бирлер чамасында Чоң-Талды-Суу капчыгайында болгон.

Эңилчек айылынын 36 жаштагы тургуну Нива унаасы менен кетип баратып, рулду башкара албай калып, машина жардан кулап бир нече ирет аласалып, тоңуп калган Сары-Жаз дарыясына кулаган.

Анын кесепетинен, айдоочу менен 26 жаштагы жургунчу мерт кеткен. Дагы бир адам оор жаракаттарды алып, реанимация бөлүмүнө жеткирилген.