Ысык-Көл областында жол кырсыктары көбөйдү (видео)

1512

Ысык-Көл областында бир жума ичинде 6 адам жол кырсыгынан каза болду. Алардын арасында жаш балдар да бар. Дагы 12 киши кырсыктан түрдүү жаракаттарды алган.

Ысык-Көл аймагында адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар 33 %га өскөнүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы дубанга инспекторлордун тобун жөнөттү.